Эртең, 30-майдан тарта Бишкектин Жаш Гвардия бульварынын Чүй проспектисинен Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабы транспорт кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда мэриядан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, мындай чектөө жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу киргизилди.
Өз кезегинде батыш тарабынан убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулган.
Калыбына келтирүү иштери белгиленген графиктен эрте жүргүзүлүүдө. Подряддык уюм катары "ДорСтрой Групп" ЖЧКсы иш алып барат.