Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Үзүр Жузупбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Ulaan-Baatar Open эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, балбан мелдешке 97 килограмм салмак ченинде катышкан.
Белгилей кетсек, Жузупбеков 2024-жылы Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында коло байгенин ээси болгон.