Параплан менен учкан кытайлык Пэн Юйцзян кокустан кычкылтексиз бийиктикке учуу боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жызышты.
Анда айтылгандай, ал Кытайдын түндүгүндөгү Цилянь тоо кыркаларынын үстүнөн учууну максат коюп, 3000 метр бийиктикке жеткен. Андан кийин ал булуттун арасында калкып, 8589 метр бийиктикке көтөрүлгөн.
Бул бийиктикте абанын температурасы -40 градуска чейин жеткен. Экстремалдуу шарттарга карабастан, Пэн коопсуз конууга жетишкен.
Парапландагы бийиктик жана температура сенсору учуунун бардык маалыматтарын каттап турган. Натыйжада Пэн кокусунан кычкылтексиз бийиктикке параплан менен учуу боюнча дүйнөлүк рекордду жаңылады.