Зеленский Москваны согушту узартып жатат деп айыптады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва согушту узартуу жана сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуу үчүн баарын жасап жатат деп айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Орусия согушту узартып, Москвага кысым менен эмес, сөз менен таасир этүүгө аракет кылып жаткан өлкөлөрдү жөн эле алдоо үчүн баарын жасап жатат. Жада калса алар убада кылган жана бир жумадан ашык даярдаган меморандумду дагы эч ким көрө элек", - деди Зеленский 29-майдагы кайрылуусунда.

Анын айтымында, орус тарап буга чейин убадалаган, анын ичинде америкалык лидер Дональд Трампка сөз берген меморандумун АКШга, Украинага же Түркияга тапшырган жок.

"Алар менен болгон жыйындар маңызсыз эле болушун каалайт. Бул Орусияга чектөөлөрдүн, кысымдын жетпей жаткандыгы менен байланыштуу. Бүгүн башкы командачы Сырскийден фронттогу жана биздин Орусиянын аймагындагы аракеттерибиз боюнча отчёт келди. Биздин жигиттерге кыраакылыгы үчүн рахмат. Бул абдан адилеттүү, анткени бул багытта Орусия согуш эмне экендигин сезип, дипломатиялык жолго келет", - деп кошумчалаган Украина лидери.

Айта кетсек, Стамбулдагы орус-украин жолугушуусунда ок атышууну токтотуу боюнча меморандум даярдала тургандыгы айтылган. Бул эки өлкөнү тынчтык жолуна алып келген келишимдин башаты болуп калышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан