Кара-Сууда аткаминер ири алдамчылыкка шектелип кармалды (видео)

Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин директору ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал бир жаранга Ош облусунун аймагынан үй салуу үчүн жер тилкесин чыгарып берүүнү убадалап, андан 11 миң 700 доллар алганын белгиледи. Бирок ал убадасына турбагандыктан жабырлануучу арыз менен кайрылган.

УКМК шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдоо жолу менен жогоруда айтылган сумманы ээлеп алганын аныктаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Атайын кызмат учурда тергөө амалдары уланып жатканын, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан