Борбор калаада ысык суу 1-июндан тарта берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда белгиленгендей, системаны толтуруу 31-майда, ал эми жылуулук тармактарына ысык суу берүү 1-июндан тарта башталат.
Андыктан шаар тургундарына суу чорголорун ачык калтырбоо, кооптуу көрүнүш байкалса дароо байланышуу, суу бериле турган күнү “Аристон” жана башка суу жылытуучу каражаттарды өчүрүүнү эскертти.