Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда президенттик администрациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге тапшырды. Мындан тышкары, Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү алып келген ташты тартуулады.
Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери менен бөлүшүп, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга токтолду. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин биринчи болуп төрага телефон аркылуу байланышка чыкканына чын дилден кубанганын белгилеп, дал ушундай тагдыр чечүүчү учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним берип жана жаңы ийгиликтерге шыктандыраарын баса билдирди.
Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашты.