Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында изделип жаткан 65 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-майда саат 09:50дө Чаткал дарыясынын жээгинен табылган жансыз дене анын туугандарына өткөрүлүп берилди.
Эске салсак, аял 28-май күн саат 19:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.