Жалал-Абадда аял эки баласы менен унаа кырсыгына кабылып, бири каза болду

Жалал-Абадда аял 2 баласы менен унаа кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде 8 жаштагы баласы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун тургуну, 1987-жылы туулган А.Ш. аттуу аял 2017-жылы туулган Э.К. жана 2022-жылы туулган Б.К. аттуу балдары менен өзүнүн Дэу Матиз үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынан Аксыдагы Кызыл-Жар 12 айылына апасынын үйүнө бара жаткан. Жолдо унаасын жолдун жээгине токтотуп, 2022-жылы туулган баласын жерге алып түшкөндө автоунаа кокусунан ордунан жылып кетип жардан кулап кеткен. Унаанын ичиндеги 2017-жылы туулган Э.К. аттуу уулу денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Аял баласынын жансыз денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан