2025-жылдын 28-майынан тарта Air Astana авиакомпаниясы Ош — Алматы багыты боюнча түз жана туруктуу каттамдарды баштайт. Каттамдар жумасына төрт жолу — шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү — заманбап Airbus A320 учактары менен ишке ашырылат.
Airbus A320 — кыска жана орто аралыктагы каттамдар үчүн эң ишенимдүү жана ыңгайлуу учактардын бири. Жүргүнчүлөрдү Air Astana'га мүнөздүү жогорку деңгээлдеги кызмат күтөт: ыңгайлуу орундуктар, кең салон жана кесипкөй тейлөө.
Жаңы каттамдарга билеттер эми MBANK колдонмосундагы MTravel кызматында жеткиликтүү. Бул кардарларга башка сайттарга убакыт коротпостон, билетти тез жана ыңгайлуу брондоого мүмкүнчүлүк берет. Минималдуу билет баасы — 3 айга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен 3 187 сом.
Мындан тышкары, MTravel аркылуу билет сатып алганда авиа камсыздандырууну дароо кошсо болот. Бул каттамдын кечеңдешинен тартып жүк жоготууга чейинки күтүлбөгөн жагдайлардан коргойт. Камсыздандырууну билеттин акысын төлөп жаткан учурда, башка кызматтарга убакыт коротпостон эле активдештирип алсаңыз болот.
Билет сатып алуу үчүн MBANK колдонмосун ачып, MTravel бөлүмүнө кирип, сапарга чыкчу күндү тандап, төлөм жүргүзүү жетиштүү. Каттам тууралуу бардык маалыматтар — учуу убактысы жана баасы — багыт тандалганда эле көрсөтүлөт.
Ош менен Алматыны туташтырган жаңы аба каттамы — Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туризм жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө дагы бир кадам.
MTravel кызматынын аркасында MBANK колдонуучулары саякаттарын бир эле колдонмо аркылуу пландап, башкарууга оңой мүмкүнчүлүк алышат.