Май айынын акыркы күнүнө карата аба ырайы

Эртең, 31-майда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын табы түнкүсүн +12... +14, күндүз +27... +29 градус болот.

Аймактардагы абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11.. +16, күндүз +21 ... +26;

Талас жергесинде түнкүсүн +8... +13, күндүз +20... +25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +20... +25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6... +11, күндүз +17 ... +22;

Нарында түнкүсүн +5... +10; күндүз +13... +18 градус болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан