Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча Азия олимпиадасында алгачкы ирет алтын медаль утушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, информатика боюнча 19-Азия-Тынч океан олимпиадасы (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) 17-18-май күндөрү Өзбекстанда өттү. Ага Азиянын 36 өлкөсүнөн 200дөн ашуун окуучу катышты.
Кыргызстандын 6 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышып, 1 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту:
Бобрус Ян, 9-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби (Бишкек) – алтын медаль.
Кадыров Адилхан, 9-класс, Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи – коло медаль.
Бул Кыргызстандын APIO тарыхындагы биринчи алтын медалы. Буга чейин Кыргызстан 2 күмүш жана 10дон ашуун коло медаль алган.