Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Өлкө башчысын Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропорттон Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында "Борбор Азия-Италия" биринчи саммитине катышат.