Кечээ, 12-январда КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 46 жаш курагын белгиледи. Ушул эле күнү ырчынын уулу Арлен 15 жашка, ал эми кызы Аэлита 8ге толду. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, туулган күнгө арналган чакан салтанатка анын сахналаш достору, жакындары келишти.
“Туулган күн үй-бүлөлүк майрам болгондуктан, жылына үй-бүлөбүз менен тособуз. Биз дайыма катышып жүргөн 6 үй-бүлө 12-январда салттуу түрдө чогулду. Андан тышкары сахналаш досторум келип, куттуктап кетишти”,- дейт ырчы.