
Бүгүн, 30-майда президент
Садыр Жапаров Астана шаарында «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитинин жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы маалымдады.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Италия менен стратегиялык өнөктөштүктү түзүү, экономикалык жана өндүрүштүк байланыштарды чыңдоо Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экенин белгиледи.
"Кыргызстандын Италия менен соода жүгүртүүсү акыркы төрт жылда дээрлик беш эсеге өстү. Ошол эле учурда республиканын тышкы соодасынын жалпы көлөмүндө Италиянын үлүшү анчалык чоң эмес бойдон калууда. Биздин италиялык өнөктөштөр менен иштеше турган багыттарыбыз бар деп ойлойм. Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, экономиканы активдүү өнүктүрүүдө», - деди Садыр Жапаров.
Ал италиялык компанияларды гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергетика, жеңил өнөр жай, банк сектору, санариптештирүү жана туризм сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Президент Италия жана Европа бирлигинин өлкөлөрү менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо үчүн транспорт тармагындагы жигердүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргызстан транспорт инфраструктурасын, анын ичинде Чыгыш менен Батышты байланыштырган эл аралык коридорлорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Ошентип 2024-жылдын декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды, бул Азиядан Европага жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн 10 күнгө чейин кыскартат. Долбоорго салынган жалпы инвестициянын көлөмү 8 миллиард долларды түзөт. Биз Италия менен заманбап логистикалык чынжырларды модернизациялоо, санариптик чечимдерди ишке ашыруу жана натыйжалуу жеткирүү жолдорун түзүү маселелеринде кызматташууга даярбыз», - деп белгиледи ал.
Ал экологиялык маселелерге токтолуп, Кыргызстан Арал деңизин калыбына келтирүү демилгесине катышууга даяр экенин билдирип, аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Президент ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана антропогендик таасирге байланыштуу акыркы бир жарым кылымда суунун деңгээли кыйла азайган Ысык-Көл көлүнүн абалына тынчсыздануусун билдирди.
«1854-жылдан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, суунун бетинин аянты бир топ кичирейип, суунун көлөмү азайып кеткен. 1950-1960-жылдары көлгө 100-110 куймалар агып кирчү, азыр 30-35 гана. Бул жөн эле статистика эмес, бул Арал деңизинин жок болушуна салыштырууга боло турган катастрофанын коркунучтуу белгиси», - деди мамлекет башчысы.
Ал Италия жана региондун өлкөлөрү менен тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан менен Италиянын Тоолуу аймактар үчүн беш жылдык аракеттерин жарыялоо демилгесин эске салды.
Садыр Жапаров 2027-жылы Бишкекте «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык Тоо саммитин өткөрүү планы тууралуу маалымдап, өнөктөштөрдү бул маанилүү иш-чарага катышууга чакырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле 2027-жылы “Борбор Азия – Италия” кезектеги саммитин Кыргызстанда өткөрүү сунушун колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.