
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 102-чакырымында эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Чүй облустук жол милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-майда саат 07:42 чамаларында болгон. Анда Тайота Камри 55 үлгүсүндөгү унаа күн чыгышты карай бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Тойота Приус менен сүзүштү.
Анын кесепетинен 24 жана 64 жаштагы эки айдоочу, бир жүргүнчү каза болду. Дагы эки адам жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди.