
31-майдан 1-июнга чейин президент
Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов билдирди.
Мелдешке 16 команда: «Президенттик команда», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар», «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт оюндары», «Журналисттер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышат.
Турнир борбор калаадагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде жана КФС Улуттук футбол академиясынын спорт комплексинде өтөт.