УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чолпон-Ата шаарындагы иш сапарында милиция кызматкерлерине таза иштөөнү эскертти.
УКМК жетекчиси өздүк курамга былтыр 500 милиция кызматкери кошулса, быйыл дагы 500 милиция кызматкери кошулганын белгиледи.
"Өздүк курамды көбөйтүп жатабыз. Башкача айтканда, күч деген бар. Бирок көптөгөн бузуулар да өзүбүздөн болот да. Билесиңерби, милиция кызматкерлери көп болгон сайын кээ бирлери көпчүлүктө көрүнбөй, билинбей калат деп ар түрдүү мыйзам бузууларга барышат. Ушуну катуу карагыла. Айрыкча, РИИБ, ШИИБдин жетекчилери, силер берилгендик менен иштесеңер башка кызматкерлер силерге карап турат", - деди ал.
Ошондой эле Ташиев ар бир кызматкерге жоопкерчиликти сезип, кызматын так аткарып, коррупциядан алыс болууну эскертти.
"Форманы кийип, зыңкыйып, мамлекеттен айлыкты алып, өлкө коопсуздугун сактайбыз деп тургандан кийин ошого татыктуу болуш керек",- деди УКМК башчысы.
Видео: Өткүрбек Рахманов