Залалдуу шишик дартына кабылган АКШнын мурдагы президенти Жо Байден дарыланууну баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Мунун баары бир таблетка ичүү менен байланыштуу. Алты жума бою атайын бир таблетканы ичем, андан кийин башкасын… Эч бир орган жабыркабайт. Сөөктөрүм чың", – деген ал Делавэрдеги курман болгон аскерлерди эскерүүгө арналган иш-чарада.
Байден ошондой эле рак оорусун ийгиликтүү жеңген белгилүү хирургдун көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.
Айта кетсек, буга чейин экс-президентке шишиктин эң агрессивдүү түрлөрүнүн бири деген диагноз коюлгандыгы айтылган.