Куткаруучулар тоодон түшө албай калган кызга жардам беришти

Чүй облусунда куткаруучулар Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алып, тоодон түшө албай калган 18 жаштагы кызга жардам беришти.
ӨКМден маалымдашкандай, жерине ӨКМдин Ала-Арча жаратылыш паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылган.
Алар жабырлануучуну тоодон түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң ал туугандарына өткөрүлүп берилген.
Анын абалы туруктуу экени айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан