30-майда Талас шаарында 12 адам шаурмага ууланып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 11 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү, 1 жабырлануучу стационардык дарыланууда.
Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө бардык жабырлануучулар 29-майда Талас шаарындагы фастфуд түйүнүндө даярдалган шаурманы жешкени аныкталган.
Аталган жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, 36 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. Мекеменин иши убактылуу токтотулду.