Баткенде жаңы төрөлгөн ымыркай ажатканага ташталган

Баткендин Лейлек районунда жаңы төрөгөн ымыркайдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан бүгүн, 31-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-майда Максат айылында жашаган 18 жаштагы жаран өз үйүнүн ажатканасында көз жарып, ымыркайды ошол жерге таштап койгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ымыркай тирүү төрөлүп, бирок моюн бөлүгүндөгү жаракаттан улам каза болгон болушу мүмкүн экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүшү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Шектүү учурда ооруканада дарыланууда жана милициянын кайтаруусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан