Президент Садыр Жапаров 31-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Алгач мамлекет башчысы УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы административдик имаратынын инфраструктурасы менен таанышты.
Имаратта административдик залдар, иш бөлмөлөр, ашкана, спорт аянтчалары, көп кабаттуу унаа токтоочу жай жана башка заманбап инфраструктура элементтери каралган.
"Президент кызматтын ардагерлерине өзгөчө көңүл буруп, алардын улуттук коопсуздук тутумун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө кошкон салымын өзгөчө белгиледи.
Ал мамлекет башчысы катары улуттук коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурарын ырастады.
Алсак, 2021-жылдан бери УКМК органдарын модернизациялоонун алкагында республика боюнча 94 объект, анын ичинде 73 административдик имарат, 7 бала бакча жана 14 социалдык турак жай имарат пайдаланууга берилген. Стратегиялык кадамдардын бири өлкөнүн генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук академиясынын ачылышы болду. Ал белгилегендей, мурда адистер чет өлкөдөн даярдалып келсе, эми Кыргызстанда заманбап технологияларды жана иш ыкмаларын өздөштүрүү менен жаңы кадрлар даярдалат.
Ал УКМКнын борбордук аппаратынын мурдагы имараты 1983-жылы курулуп, кызматкерлердин бир нече муунуна көп убакыт кызмат кылганын эске салды. 2023-жылы материалдык-техникалык базаны модернизациялоо программасынын алкагында заманбап курулуш технологияларын колдонуу менен жаңы имараттын курулушу башталган. Жаңы комплексте натыйжалуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Мамлекет башчысы кызматкерлердин чечкиндүү аракеттеринин аркасында коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөш ийгиликтүү уланып жатканын айтты. Натыйжада өлкө бюджетине 200 миллиард сомдон ашык каражат кайтарылып, экономиканын өнүгүшүнө чоң салым болуп калды. Ошондой эле мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1100дөн ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылып, калктын кеңири колдоосуна ээ болду.
«Улуттук коопсуздук – бул атайын кызматтардын гана иши эмес, бүтүндөй элдин, ар бир жарандын иши! Жаңы Кыргызстанды куруу ниетибизде бирдиктүү болсок, өлкөбүздүн коопсуз келечегин камсыздай алабыз. Ошондуктан, мен бардыгыңыздарды бул күч-аракеттерди көрүп, түшүнүп, колдоого чакырам!» - деп белгиледи Жапаров.