ТИМ Кыргызстанда төрөлүп, Орусиянын жарандыгын алган адам боюнча билдирүү таратты

Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда Кыргызстанда туулган Н.К. аттуу Орусиянын жаранынын жарандыктан ажыратылуусу жана Орусиядан депортациялануусу боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, ал жаран 2020-жылы Орусиянын жарандыгын алып, Петропавловск-Камчатский шаарындагы “Мекендештер” аттуу кыргыздардын улуттук-маданий автономиясынын жетекчиси болуп иштеп келген.

"Ушул жылдын апрель айында Камчатка крайынын укук коргоо органдары тарабынан ага карата Орусиянын жарандыгын жокко чыгаруу, өлкөгө кирүүгө тыюу салуу жана Орусия жаранынын паспортун алып коюу боюнча чечимдер кабыл алынган. Ал бул чечимдерге каршы болуп, ушул жылдын 30-апрелинде аларды мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылган

Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша акыркы чечим кабыл алынат", - деп билдирди министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан