Аркан тартыш боюнча Кыргызстан чемпиондугу болуп өттү

Бишкекте 30-майда Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата аркан тартыш боюнча өлкө чемпиондугу болуп өттү. Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөнүн Дене тарбия жана спорт департаменти бүгүн, 1-июнда билдирди.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчү командалардын тизмеси: 680 килограмм (эркектер арасында):
  • ПСН Чүй облусу;
  • Нарын облусу;
  • Бишкек Шумкар.
560 килограмм (кыз-келиндер арасында):
  • Бишкек шумкар;
  • Айкөл;
  • Алмаз.
720 килограмм (эркектер арасында):
  • Чүй облусу;
  • Жалал-Абад Таш Көмүр;
  • Бишкек шумкар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан