"Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандын атынан Айжан Чаначева катышты (видео)

72-эл аралык "Дүйнө сулуусу-2025" сынагына Кыргызстандын атынан "Кыргызстан сулуусу-2025" наамынын ээси Айжан Чаначева катышты. Бул тууралуу "Кыргызстан сулуусу" улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдирди.

Айта кетсек, "Дүйнө сулуусу-2025" сынагы 7-майдан 1-июнга чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өттү. Сынакка 132 өлкөдөн барган 108 өкүл катышты.

Бул жылы "Дүйнө сулуусу" таажысы 21 жаштагы таиланддык модель Сучата Чуангсриге буюрду. Ал эми экинчи орунду эфиопиялык Хасет Дрей Адмассу, үчүнчү орунду польшалык Майя Клайда алды.

Белгилей кетсек, "Дүйнө сулуусу" сынагы Индияда экинчи жыл катары менен өтүп жатат. Былтыркы сынак Мумбай шаарында өткөн.

"Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандын атынан Айжан Чаначева катышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан