Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Fetih Kupası" эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болушту.
Эркектер арасында Ынтымак Мурадил уулу жекелик мелдеште биринчи орунду алса, кыз-келиндер арасында Асел Садырова жекелик мелдешинде 2-орунду ээледи.
Дене тарбия жана спорт департаменти бүгүн, 1-июнда кабарлагандай, мелдеш 25-27-май күндөрү өтүп, 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты.
Эске салсак, "Fetih Kupası" эл аралык мелдеши Дүйнө чемпиондугунан жогорку деңгээлде турган мелдеш болуп саналат.