Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремль АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүлөрүнө кылдат байкоо салып жатканын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда "РИА новости" басылмасы жазды.
Песковдун айтымында, бүткүл дүйнө Орусия президенти Владимир Путиндин жана Дональд Трамптын ар бир сөзүнө өзгөчө көңүл бурат.
"Албетте, биз да ар бир сөзүнө, ар бир басым жасалган жерине өтө кылдат көңүл буруп, байкап турабыз", – деген Песков маек берип жатып.
Песков кошумчалагандай, Трамптын билдирүүлөрүнө карата реакция сабырдуу болушу керек.
"Биз буларга сабырдуу жооп беришибиз керек, анткени биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз баарынан жогору турат", – деди президенттин басма сөз катчысы.