"Мурас" достук турниринде "Ден соолук" командасы 1-орунду алды

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте "Мурас" достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:

1-орун – “Ден соолук” командасы 400 миң сом (3-ирет чемпион аталды);

2-орун – “Ыйман” 300 миң сом;

3-орун – “Президенттин командасы” 200 миң сом;

4 орун – “Коопсуздук” 100 миң сом.

Ага ылайык, жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга ээ болгон оюнчуларга 50 миң сомдук сертификат берилди: "Мыкты оюнчу" – Нурлан Турусбеков («Ден соолук» командасы), Садыр Жапаров 7 гол киргизип, "Мыкты чабуулчу" (Мамлекет башчысы акчалай сыйлыкты «Ыйман» командасына берди) аталды. "Мыкты дарбазачы" – Султан Осмонбеков («Ыйман» командасы) болду.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды президент Садыр Жапаров тапшырды.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча турнир кечээ, 31-майда башталган. Ага жалпы 16 команда катышты.













РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан