АКШда колго жасалган күйүүчү заттан 6 киши жаракат алды

Кечээ,1-июнда Американын Колорадо штатындагы Боулдер шаарында колго жасалган күйүүчү заттын кесепетинен алты киши жарадар болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, белгисиз адам Газа тилкесинде калган израилдик барымталарды колдоп, ураан айтып кыйкырып колго жасалган күйүүчү затты ыргытып жиберген. Натыйжада алты киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Алар 67 жаштан 88 жашка чейинки жарандар. Бирөөсү оор абалда.

Бул окуя террордук акт катары катталды. Шектүү дагы жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Кол салуу Колорадо университетинин жанындагы популярдуу жөө жүргүнчүлөр соода аянтында болгон. Ал жерде 2023-жылы ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулунан кийин барымтага алынгандарга көңүл буруу максатында уюштурулган иш-чара өтүп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан