Стамбулдун Башкы прокуратурасы мэриядагы коррупцияны иликтөөнүн алкагында шаар жетекчилерин кармоонун жаңы толкунуна санкция берди.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, 47 шектүүнү камакка алууга ордер берилди. Учурда алардын 30у тергөөгө жеткирилди. Алардын катарын Стамбулдагы ири райондун акимдери толуктады. Ошондой эле мэриянын орто кызматындагы кызматкерлердин бир тобу кармалды. Мындан тышкары, оппозициялык "Элдик республикалык партиясынын" депутаттарын тергөөгө алып барышты.
Кармалгандардын мэриядагы бир катар коррупциялык иликтөө иштерине катыштыгы бар экендиги кошумчаланды. Мындан тышкары, аларга паракорчулук, опузалоо, кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө катышуу деген айыптар тагылышы мүмкүн.
Айта кетсек, быйыл мартта Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу 560 миллиард түрк лирасын түзгөн коррупциялык иштерге шектелип, ошондой эле "Күрдстандын жумушчу партиясы" менен кызматташкан деген айыптар боюнча кармалды. Ал камакка алынгандан кийин Түркияда нааразычылык акциялары күчөгөн. Анын алкагында митингдин 2 миңге жакын катышуучусу кармалганы кабарланган.