Кыргызстандык спортчу Самат Абдрахманов UFCнин оор салмактагы чемпиону Жон Жонско кыргыз калпагын, чепкен жана камчы тартуу кылды. Белек тапшыруу учурунун видеосун Абдрахманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
"Бул легенда жөнүндө бүтүндөй китеп жазса болот. Спорттук ийгиликтери жөнүндө эмес (алар ондоп саналат), жөнөкөйлүгү жана адамгерчилиги жөнүндө. Аны менен бир ай чогуу болгондо, ал ар бир спортчуга, операторго, режиссёрго убакыт тапканга аракет кылганын көрдүм. Жылдыз оорусу, текеберлик деген түшүнүк жок — чыныгы чемпион дал ошондой болушу керек. Жакында аны Кыргызстанда көрөсүздөр", – деп жазды кыргызстандык мушкер.
Самат Абдрахманов менен Жон Жонс Таиландда өткөн Alf Reality 2 реалити-шоусунун экинчи сезонунда бир айдай чогуу болушкан. Бул долбоордо Жонс машыктыруучу катары, ал эми Абдрахманов катышуучу катары катышкан.