"Расмий билдирүүгө ишенгиле..." Салык кызматы карыздар боюнча билдирүү жөнөтө баштады

Мамлекеттик салык кызматы карыздар боюнча SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүнү баштады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган кадам салык төлөөчүлөр - жарандар жана уюмдар үчүн өздөрүнүн салык карыздары жана салык органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

Эми салык инспектору тарабынан билдирүү чыгарылган учурда, жарандарга cabinet.salyk.kg жана SMS-билдирүү катары мобилдик операторлор аркылуу кабар берилет. Мобилдик операторлор билдирүүлөрдүн мазмунун өзгөртпөйт, аларды Салык кызматы жиберген түрдө гана жөнөтүшөт.

Салык кызматынан SMS-билдирүүнүн үлгүсү:

Жөнөтүүчү: GNS KR

"Урматтуу салык төлөөчү [аты-жөнү же уюмдун кыскартылган аталышы]! Сиздин [Биринчи Май району] боюнча УСНСте салык карызыңыз бар. "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу төлөө боюнча эскертүү жиберилди. Мажбурлап өндүрүп алуу чараларын колдонбоо үчүн карызыңызды "Кабинет НП" аркылуу же каалаган банктык уюм аркылуу төлөп берүүнү суранабыз"

Эскертүү:

  • Расмий жөнөтүүчү аталышы — GNS KR.
  • Билдирүүлөрдө шилтемелер, телефон номерлер же башка байланыш маалыматы болбойт.
  • Салык кызматы салык төлөөчүлөргө кабар жөнөтүүдө эч кандай тышкы платформа же кызматтарды колдонбойт.

Салык кызматы жарандарды расмий жөнөтүүчүдөн келген билдирүүлөргө гана ишенүүгө, ошондой эле өзүнүн "Салык төлөөчүнүн кабинетин" үзгүлтүксүз текшерип турууга кеңеш берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан