Социалдык тармактарда Москванын метросунда мас абалындагы жаран кыргызстандыкка кол салганы тартылган видео тарады.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыргыз улутундагы жаран метродо телефон тиктеп отурганда жанына мас абалындагы жаран келип "бул менин жерим" деп кемсинтип, уруш чыгарууга аракет кылган.
Көп убакытка чейин жооп бербей, бирок мас жаран кол көтөргөндөн соң аны түртүп жиберүүгө мажбур болгон мекендешибиз.