Индонезияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 19га жетти

Индонезиянын Батыш Ява провинциясында карьерди басып калган жер көчкүдөн каза болгондордун саны 19га жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 8 киши жарадар болуп, 6 киши дайынсыз жоголгон. Урандылардын астында калган адамдарды издөө иштери уланууда.

Энергетика жана минералдык ресурстар министрлиги билдирүү таратып, уроонун себебин иликтеп жатканын жана мындан ары жер көчкү болушу мүмкүнбү же жокпу аныктоо аракеттери көрүлүп жатканын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан