Белгилүү орусиялык ырчы Анна Asti сахнадагы күтүүсүз кырсыктан улам алдыңкы тиштеринен ажыраганын айтты. Бул тууралуу ал "Натальная карта" аттуу шоунун чыгарылышында билдирди.
Анын айтымында, концерт маалында колунан микрофон түшүп кетип, четке ыргып кеткен. Жанындагы кызматкерлер дароо башка микрофон алып беришкен. Ал кайра ырдаганга киришип, ошол учурда оозунун ичинде тиш сыныктары бар экенин байкаган.
"Билесиңби, бул кандай коркунучтуу экенин? Сен ырдап жатып тиштериңдин сыныктарын оозуңда сезесиң.
Алдыңкы тиштериме микрофон менен уруп алдым. Анан кайра ырдап баштадым да, ичимден ойлоп жатам: "Кудай ай, башкысы тилим келбей калбасынчы деп…", - деди ырчы.
Бул окуя концерттин башында эле болгон. Ошого карабастан, Asti өзүн колго алып, программасын уланткан. Күйөрмандары анын профессионалдуулугун жана чыдамкайлыгын жогору баалашкандыгы маалыматта кошумчаланды.