Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасына зым тартуу иштерине 200 жумушчу тартылып, бир нече атайын техникалар менен камсыздалды. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматынын Бишкектеги жаңы имаратынын ачылышында билдирди.
Ташиев чек араны тосуу иштери башталгандан бери жалпы 25 чакырымга жакын жерде иштер аяктаганын айтты.
"Чек ара зымдарын тартуу иштерин баштаганбыз. Президенттин түздөн түз берген көрсөтмөсү менен жүрүп жатат. Тосуу иштери башталгандан бери 25 чакырымга барып калды. Быйыл күчүбүздү катуураак жумшасак жыл аягына чейин бүтөбүз. Болбосо кийинки жылы жазга чейин бүтөт", - деди Ташиев.
Айта кетсек, 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жеринде, тагыраагы, Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталган.