Нигерияда суу ташкындан 200дөй адам каза болду

Нигер штатына караштуу Моква шаарчасында болгон суу ташкында каза тапкандардын саны кеминде 200гө жетти. Бул тууралуу кечээ, 1-июнда Associated Press басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, катуу жааган жаандын кесепетинен болгон табигый кырсыктан кеминде 500 үй-бүлө жабыркаган, ал эми 3 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

"Түндүк-борбордук Нигериянын соода шаары болгон Моквадагы кыйратуучу суу ташкындан каза болгондордун саны жекшемби күнү кеминде 200 адамга жетти", - деди жергиликтүү бийликтин өкүлү Муса Кимбоку.

Маалымат үчүн: Моква Нигериянын түндүгүндөгү фермерлер түштүктөн келген соодагерлерге буурчак, пияз жана башка азык-түлүктөрдү саткан ири соода жана транспорттук түйүн. Шаар борбор калаа Абуджадан 380 чакырым батышта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан