Украина Орусиянын аскерий аэродромдоруна учкучсуз учактар менен сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чабуулун ырастады. Алар Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязань жана Амур облустарына чабуул жасады.
Министрлик Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы аскерий аэродромдорго жасалган бардык чабуулдардын мизин кайтарганын билдирди. Ал эми Иркутск жана Мурманск облустарындагы бир нече учак өрттөнүп кеткени айтылып, так саны боюнча маалымат берилген эмес.
Белгилей кетсек, 1-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына 479 учкучсуз учактар менен чабуул койгондугу айтылды.