УКМК Бишкекте аймактар аралык ынтымакка бүлүк салган жаранды кармады

Бишкекте аймактар аралык кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө видеоматериал аныкталып, анда Т.Ж. аттуу жарандын аракеттеринде аймактар аралык кастыкты козутуу белгиси бар экендиги такталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (жарашууну) козутуу) кылмыш иши козголду.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан