Исландиянын мурдагы президенти күзөтчү болуп иштеп жатканы айтылды

Исландиянын экс-президенти Гудни Торласиус Йоханнессон саясаттан кетип, учурда Улуттук паркта күзөтчү болуп иштеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 56 жаштагы саясатчы улуттук паркта экскурсияларды өткөрүп, бош убактысында ажаткана жууп, тазалык иштерин жүргүзөт. Жумушу тууралуу Йоханнессон: "Мында бардыгы бар. Табият, геология, тарых бир жерде. Саясатта чоң процессдерге таасир этесиң, бирок натыйжаны дароо көрө албайсың. Ал эми бул жерде мен күн сайын адамдарга жардам берип, ырахат алам",- деп билдирген.

Йоханнессондун чечими социалдык тармактарда талкуу чордонуна айланды. Интернет колдонуучулары анын аракети исландиялык баалуулуктарды чагылдырат деп белгилешүүдө.

Мурдагы саясатчы 2019-2024-жылдары Исландиянын президенти болгон. 1987-жылы Рейкьявик университетин, 1991-жылы Уорик университетин аяктаган. Университетте орус жана немис тилдерин үйрөнгөн. 1997-жылы Исландия университетинин магистратурасын, 1999-жылы Оксфорд университетинин магистратурасын аяктаган. Лондондон илимдердин доктору наамын алган.

Ошондой эле ал Исландия, Рейкьявик, Бифрёст университеттеринде жана Лондон университетинде мугалим болуп иштеген. 2016-жылдын июлунан баштап Исландия университетинин профессору болуп иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан