Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, Исанов көчөсүндө дагы бир эс алуу багын куруу иштери башталды. Бул тууралуу 2-июнда мэриядан билдиришти.
Жер каралбай, тосмолору урап, ичиндеги бак дарактар куурап турган. Мэр рейддик кыдыруу учурунда, тосмолорду алып, бак дарактарды иретке келтирип, айланасын оңдоп түзөө менен жашоочулар үчүн эс алуу багын куруп берүү тапшырмасын берген.
Учурда долбоору толук даярдалып, курулуш иштери жүрүп жатат.