ТикТокто @after.life.echoes аттуу блогер клиникалык өлүмдү баштан өткөрүп, аркы дүйнө тууралуу таасирдүү "тажрыйбасы" менен бөлүштү. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, ресторандын дааратканасында блогер эс-учун жоготкон. Анын айтымында, бул оор дарыларга болгон терс реакциядан улам болгон. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер анын өлгөнүн тастыкташкан. Ал болжол менен 45 мүнөткө чейин өлдү деп эсептелген, анын сөөгүн баштыкка салып жаткан учурда гана жашоо белгилери байкалган.
"Кино көрүп жаткандай эле болдум. Бирөө менин келбетимде, бирок мен залда отуруп ошол "фильмди" көрүп жатам. Өзүмдү асмандан карап жаткандай болдум. Эң кызыгы - ал дене менин денем экенин түшүнүп турсам да, бул мен эмес экенимди сезип жаттым", - деп эскерет блогер.
Ошондой эле ал дарыгерлер анын сөөгүн өлүкканага алып бара жатканын сырттан карап турганын, андан соң жарык көрүп, бирөө: "Бул жигит али өлгөн жок" дегенде кайра эсине келгенин айткан.
Учурда ал TikTok аркылуу өлүм - бул аң-сезимдин жашоонун башка формасына өтүшү экенин айтып, өзүнүн "тажрыйбасын" бөлүшүп жатат.