Унааларды мыйзамсыз каттоого алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты 

Армения жана Абхазия өлкөлөрүнөн ташылып келген жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, "Унаа" мамлекеттик мекемесинде 2025-жылдын февралына чейин иштеп кеткен А.Ш. жана О.у.Т. аттуу кызматкерлер акчалай сыйлык алуу үчүн Армения жана Абхазиядан Кыргызстанга алынып келген унаа ээлерин Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат адамдарына каттоого алууну сунушташкан. Алар 30-майда 8800 доллар өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен кармалышты.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан