АКШда жүргөндөр жана ал жакка барууну пландап жаткандар аталган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоосу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтен билдиришкендей, кыргызстандык жарандар АКШга мыйзамдуу жол менен кирип, бирок уруксат берилген мөөнөт бүткөндөн кийин өлкөдөн чыкпаса, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын автоматтык түрдө бузган болуп эсептелет. Мындай адамдар АКШнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан кармалуусу, ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылуусу, узак мөөнөткө эркинен ажыратылуусу жана Америкага барууга тыюу салууга кабылуусу мүмкүн.
"Жогоруда көрсөтүлгөн кесепеттерге жол бербөө максатында учурда АКШда мыйзамсыз жүргөн жарандарга аталган өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунушталат. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандарга мекенине кайтуу үчүн АКШнын өкмөтү тарабынан каржылык жана башка жардам көрсөтүлүшү мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.
Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн CBP Home тиркемеси аркылуу төмөнкү шилтеме менен кирип, каттоодон өтүү зарыл: www.dhs.gov/cbphome.
Расмий маалыматтарга караганда, АКШнын чек арасын мыйзамсыз өтүү, өлкөдө уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу, жараксыз же жасалма документтерди колдонуу олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Алардын катарына кармоо жана камакка алуу, депортациялоо, өлкөгө кайра кирүүгө туруктуу тыюу салуу, административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылуу кирет.
АКШда жүрүүгө байланыштуу кошумча суроолор жаралса, Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилигине же Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууга болот:
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги
2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
Электрондук дареги: kgconsulate.washington@mfa.gov.kg
Телефону: +1 202 256 2924; +1 202 449 9823; +1 202 449 9822.
Кыргыз Республикасынын Чикагодогу Башкы консулдугу
100/1610 Норт Ла Салл көчөсү, Чикаго шаары, Иллинойс, 60602
Электрондук дареги: kgconsulate.chicago@mfa.gov.kg
Телефону: +1 312 929 34 42; +1 312 994 24 16.