Төрт айда 44 миң балага "балага сүйүнчү" жөлөкпулу берилди

Быйылкы жылдын январь–апрель айларында өлкө боюнча жаңы төрөлгөн 44 666 ымыркайга 178 миллион 940 миң сом өлчөмүндө "балага сүйүнчү" жөлөкпулу берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын ушул мезгилинде 48 миң 534 балага 194 миллион 963 миң сом сүйүнчү жөлөкпулу төлөнгөн.

Эскерте кетсек, бул бир жолку жөлөкпул ар бир төрөлгөн балага 4 миң сом, ал эми үч же андан көп ымыркай бир убакта төрөлгөн учурда - ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.

Жөлөкпул алуу үчүн ата-энелер бала төрөлгөн күндөн тарта 6 айдын ичинде калкты тейлөө борборуна же жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө кайрылуусу керек. Арыз кабыл алынгандан кийин акча каражаты 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке которулат. Ал эми каражатты "Элдик Банк" же "Айыл Банк" аркылуу алууга болот.

Арыз толтурганда туура мобилдик номерди көрсөтүү зарыл. Анткени акча которулгандан кийин ошол номерге СМС-билдирүү жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан