Кытайда “Пара алуучу аткаминерлерге каршы күрөш” аталышындагы компьютер оюну пайда болду

Кытайда “Пара алуучу аткаминерлерге каршы күрөш” аталышындагы компьютер оюну пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда кытайлык маалымат каражаттары билдирди.

Маалыматтарга таянсак, бул оюнда камакка алынган пара алуучу сүрөттө пайда болгондо аны ток тарткан таяк менен уруу керек. Ар бир ийгиликтүү сокку үчүн упай берилет. Берилген  убакыттын ичинде 100 упай топтоо зарыл.

Белгилей кетсек, 2013-жылы пара алуу боюнча өлкөлөрдүн тизмесинде Кытай 80-орунда жайгашкан. Биринчи орун Дания менен Жаңы Зеландияга ыйгарылган. Ал эми Кыргызстан кошуна Тажикстан (154) жана Өзбекстан (168)  мамлекеттеринен озуп дүйнөлүк тизмесинде 150-орунду ээлейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан