Акын Алтынбек Исмаилов Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисине ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Исмаилов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Сыйлыкты Исмаиловго аталган уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды.
"Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун төш белгисине ээ болуп, түрк дүйнөсүнүн Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алындым",- деп билдирди акын.
Эске салсак, акын Алтынбек Исмаилов мыкты ырлары жана котормолору менен белгилүү. Анын ырлары орус жана түрк тилдерине которулган.