Кытайда бир киши терракоталык 2 жоокердин айкелдерин талкалап салган (видео)

Кытайдын Сиань шаарындагы атактуу терракота армиясы көргөзмөсүндөгү эки жоокер талкаланганын The Guardian басылмасы жазды.

Отуз жаштагы кытай жараны айкелдерге кирүү үчүн тосмону ашып эле тим болбостон, коргоочу тордон да секирип өткөн. Ал коопсуздук кызматкерлери келгенге чейин айкелдерди тартып, түртүп, экөөнү талкалаганга жетишкен.

Басылма жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал киши психикалык оорудан жабыркай турганын билдиргенин белгилейт.

Терракота армиясы – Сиань шаарындагы негизги туристтик жай болуп саналат жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирет. Биздин заманга чейинки 209-жылы Цинь династиясынын императору Цинь Ши Хуандын мүрзөсүн кайтаруу үчүн 8000ге жакын терракоталык жоокерлерден, аттар менен арабалардан турган айкелдер жасалган. Айкелдер 1974-жылы табылган.

Кытай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан