Ички иштер министринин орун басары Кара-Кулжада өлтүрүлгөн келиндин окуясын "трагедия" деп атады (видео)

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Винера Райымбачаева аялдарга карата зомбулуктар токтобой жатканын айтты.

Ал Кара-Кулжада күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн келиндин окуясын эске салып, мындай учурлардын алдын алууга чакырды.

"Канчалаган биздин айымдар жөндөн жөн эле өлүп жатат. Окуя катталгандан кийин эмес, алдын алуу керек. Эч эле токтобой жатат, себеби алдын алуу иштери жок" , - деди Райымбачаева.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин өлтүрүлгөн аялдын үй-бүлөсүнөн буга чейин зомбулук фактылары боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн билдирип, окуяны өлкө үчүн "трагедия" деп атады.

02.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан